Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №7
№ 105 “Абат” жалпы билим берүүчү
мектебинин наамын жаңы аталышын
“Исхак Раззаков” атындагы мектеби
наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы, ПЖ №205 “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүно 100 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүкө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө Жобосуна ылайык жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 24-февраль 2025-жылдагы № 68 сандуу катынын, Сузак районуна караштуу № 105 “Абат” жалпы билим берүүчү негизги мектебиндеги өткөрүлгөн кезексиз педагогикалык чогулушунун № 2 протоколдук чечимин угуп ,талкуулап Сайпидин Атабеков айыл аймагында айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу максатында №105 “ Абат” жалпы билим берүүчү негизги мектебине жаңы аталышын Исхак Раззаков атындагы жалпы билим берүүчү негизги мектеби деген наам ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиев жүктөлсүн.
3. Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага : |
А.Мавлянов |