Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №9
Айыл чарба багытындагы жайыт
жер аянтын өнөр-жай, транспорт
байланыш,коргонуу жана башка
багыттагы жерлер категориясына
которуу жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 24-февраль 2025-жыл № 161 сандуу кайрылуусунун жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 21.08.2024жылдагы №01-05/99 сандуу корутундусунун ,Кадастр мамлекеттик иш канасынын 12.08.2024-жылдагы № 01-2/266 корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Кошаң участкасындагы №294 контурундагы 0,10га жер аянтына Яма беккари куруу үчүн айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтын өнөр-жай, транспорт байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиев жүктөлсүн.
3. Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |