Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-сентябры № 599
2026-жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган 2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи Кошумча Макулдашууну бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун 10-беренесинде каралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2026-жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган 2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи Кошумча Макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Экинчи Кошумча Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Экинчи Кошумча Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө азербайжан тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |