Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА
ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 2-сентябры № 130-нпа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 93-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 20-пунктунун 1-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» (мындан ары – Курулуш министрлиги) жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттертарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 47-пункт менен толукталсын:
«
47 | «Цзянгун Цзянси үчүнчү курулуш компаниясы» ЖЧК | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Цзянси провинциясы, Наньчан шаары, Сиху району, Таохуа айылы, Ланьгун көчөсү, № 1099, «Хэнтай Хуаюань» турак жай комплекси,17-корпус, 1-корпус, 2-кабат. | Курулуш-монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 913600006 93709046К |
».
2. Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгына:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жиберилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Б.Ч. Чолпонбаевге жуктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 3-сентябрында https://egov.kg/kg/ministry/construction/npa расмий сайтында жарыяланды
Министр |
| Н.К. Орунтаев |