Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №11
Аты жок конуштардын көчөлөрүнө
наам ыйрагуу жөнүндө
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн №69 24.02. 2025-жылдагы Жаны-Жер айылындагы Въетнам участкасындагы аты жок көчөсүнө Сузак районунун социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон инсан катары Курманбаев Байыш наамын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуусунун жана Социалдык боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечиминин угуп, талкуулап Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылындагы Въетнам участкасындагы аты жок көчөсүнө Батыр уулу Бобурдун үйүнөн тартып Мурзаканов Уланбектин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Курманбаев Байыштын наамы ыйгарылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |