Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 598 токтомуна) |
Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитип берилген муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды пайдалануу тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитип берилген муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды пайдалануу тартибин регламенттейт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) муниципалдык мүлктү ижаралоо – убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга муниципалдык мүлктү акыга берүү;
2) ижарачы – муниципалдык мүлктү акы төлөнүүчү убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жак;
3) ижарага берүүчү – муниципалдык мүлктү ижаралоо жана ижаралоодон түшкөн каражаттарды чыгымдоо укугуна ээ болгон муниципалдык ишкана;
4) мүлк комплекси – бир бүтүндү түзгөн жана жалпы багыты боюнча пайдаланууну болжолдогон муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттеринин жыйындысы;
5) муниципалдык мүлк – муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага чарба жүргүзүү укугунда жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк;
6) муниципалдык ишкана – мүлкү жана пайдасы жергиликтүү коомчулуктун менчиги болуп саналган жана ага ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилген юридикалык жак;
7) ижаралоодон түшкөн каражат – муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан ижара төлөмү, туум жана башка төлөмдөр түрүндө түшкөн акча каражаттары;
8) ыйгарым укуктуу орган – республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укук берилген бөлүмү.
2-глава. Каражаттарды бөлүштүрүү тартиби
3. Каражаттарды түзүүнүн булактары болуп муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген кыймылдуу жана кыймылсыз муниципалдык мүлк объекттерин акы төлөнүүчү убактылуу пайдалануудан түшүүлөр саналат, анын ичинде:
1) турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар;
2) мүлктүк комплекстер жана алардын бөлүктөрү;
3) муниципалдык ишканаларга бекитип берилген жер тилкелери;
4) транспорт каражаттары, машиналар жана жабдуулар.
4. Муниципалдык мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешелер республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген тартипте муниципалдык ишканалар менен түзүлгөн ижара келишимдеринин негизинде түзүлөт.
5. Муниципалдык мүлктү пайдалануудан түшкөн каражаттарга ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланышкан ижара төлөмү, туумдар жана башка төлөмдөр кирет жана ушул Жобого ылайык бөлүштүрүлүүгө жана аткарылууга тийиш.
6. Муниципалдык мүлктүн сакталышын, келишимдик милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылышын жана түшүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу орган мүлккө кароо жүргүзүүгө, ошондой эле муниципалдык ишканадан жана мүлктү пайдалануучудан ижара келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттө керектүү документтерди жана материалдарды суроого укуктуу.
7. Убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык мүлктү күндөлүк жана капиталдык оңдоого байланыштуу чыгымдар, ошондой эле жүргүзүлгөн жакшыртуулардын наркы ижара келишиминин шарттарында жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында эске алынат. Жакшыртуулардын наркы, эгерде башкасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралбаса, ижара төлөмүнүн, коммуналдык, эксплуатациялык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн эсебине кирбейт.
8. Келишим мамилелери токтотулгандан кийин мүлк жана жүргүзүлгөн ажыратылгыс жакшыртуулар муниципалдык ишканага ижара келишиминде жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берилет.
9. Ижара келишимин токтотуу же мөөнөтүнөн мурда токтотуу ижара келишиминде жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.
10. Ижара төлөмүнүн өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
11. Ижара төлөмү муниципалдык ишкананын өзүнчө эсебине ижара келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
12. Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттар чарба жүргүзүү укугунда муниципалдык ишканага бекитип берилген муниципалдык мүлктү күтүү, натыйжалуу пайдалануу, талаптагыдай абалда кармоо, модернизациялоо менен байланышкан максаттарга гана багытталат.
13. Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды муниципалдык ишканага бекитип берилген мүлктү күтүү же оңдоо жана ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен байланышпаган максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
14. Муниципалдык ишкана муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды чыгымдоонун жылдык планын түзөт, аны ыйгарым укуктуу орган жана мэрдин тескөөчү орун басары менен макулдашат жана жетекчинин колу менен бекитет.
15. Планды түзүүдө муниципалдык ишкана негизги фонддордун абалына талдоо жүргүзөт жана имараттардын, машиналардын жана жабдуулардын оңдоого же модернизациялоого муктаждыгын аныктайт.
16. Бекитилген жылдык план муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды чыгымдоонун негизи болуп саналат.
17. Жылдык планга ыйгарым укуктуу орган жана мэрдин тескөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча документтер менен ырасталууга тийиш болгон күтүлбөгөн жана кечиктирилгис милдеттенмелер келип чыкканда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
18. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык ишкананын эсебинде жылдын аягына карата эркин калдыктар бар болгон учурда акча каражаттары жергиликтүү бюджетке которулат.
3-глава. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо
19. Муниципалдык ишкана ижара төлөмүнөн түшүүлөрдүн жана муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттардын чыгашаларынын өзүнчө бухгалтердик эсебин жүргүзөт.
20. Муниципалдык ишкана квартал сайын ыйгарым укуктуу органга ижара төлөмүнөн түшүүлөр жана жылдык планды аткаруу жөнүндө отчетту ырастоочу документтерди тиркөө менен жөнөтөт.
21. Муниципалдык мулктү ижаралоодон түшкөн каражаттардын түшүшүн жана чыгымдалышын контролдоо ушул Жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
22. Муниципалдык мүлктү ижаралоодон келип түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартибин бузуу фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чаралары колдонулат.
23. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.
24. Ижарачы ижарага алынган муниципалдык мүлктүн сакталышын камсыз кылуу жана мүмкүн болгон зыянды, анын ичинде үчүнчү жактардын аракеттери жана форс-мажордук жагдайлар менен келтирилген зыянды жоюу боюнча чараларды көрүүгө, начарлашына, бузулушуна, жок кылынышына алып келген аракеттерди жасабоого, болбосо республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келтирилген чыгымды толук көлөмдө компенсациялоого милдеттүү.
25. Муниципалдык ишкананын жетекчиси жана башкы бухгалтери муниципалдык мүлктү ижаралоого берүүдөн түшкөн кирешелерди жашыргандыгы, ошондой эле ижара келишимин түзүүгө байланыштуу берилген маалыматтардын жана материалдардын ишенимдүүлүгү жана ушул Жобонун талаптарын башка бузуулар үчүн жарандык-укуктук жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.