Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №12
“С.Атабеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык
өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү” жөнүндө
Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн №66 21.02.2025-жылдагы кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Мундуз айылынын №30 контурунда турган сугат суу скважинасын чыгаруу үчүн райондук өнүктүрүү фонд тарабына сунушталган долбоорго Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн 1 206 200 (бир миллион эки жүз алты мин эки жүз)сом салым катары төлөп берүү үчүн Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн Мундуз айылында жайгашкан муниципалдык менчикте №30 контурда турган сугат суу скважинасын чыгаруу үчүн райондук өнүктүрүү фондунан каралган 4 206 200 (төрт миллион эки жүз алты мин эки жүз )сомдун , 1 206 200(бир миллион эки жүз алты мин эки жүз) сомун 2025-жылдын бюджетинин 1-кварталында каралып , жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Аталган токтом Сузак райондук өнүктүрүү фонд тарабынан суралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
4.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |