Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  V  КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 27-август  №5/3

 

   Жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузган мал ээси аныкталбаган кароосуз малдарды убактылуу камап багуу тартиби  жөнүндө.

 

  Кыргыз Респүбликасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкарүү органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын  34-беренеси, бюджет кодексинин 52-беренесинин жана Кара-Суу айыл  аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 11.3-бөлүгүнө ылайык  Кара-Суу айылдык кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарынын жана чабындыларынын корукчусу, кароолу  жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.

 

3.    Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Жакыпакун уулу

 

 

                                                                                                                                                                   

                                                                                                                                       БЕКИТИЛДИ

                                                                                                                                       Кара-Суу айылдык кеңешинин

                                                                                                                                       2026-жылдын 27-августундагы

                                                                                                                                       № 5/3 токтому менен

 

 

ЖОБО

Кара-Суу айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн жайыттарынын жана чабындыларынын корукчусу жана  кароолу жөнүндө

 

  1. Жалпы жоболор

 

1.1. Бул Жобо Кара-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык жайыттарынын жана чабындыларынын корукчусу менен кароолунун укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана иш тартибин, эмгек акысын эсептөө, төлөө тартибин жана ээси аныкталбаган кароосуз малдарды убактылуу камап багуу тартибин аныктайт.

 

1.2. Корукчу менен кароол өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын, айыл өкмөтүнүн чечимдерин, буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

 

1.3. Корукчу менен кароол муниципалдык ишкананын башчысына же анын буйругу менен      дайындалган жооптуу кызматкерге түздөн-түз баш иет.

 

1.4. Атайын уюштурулган короого убактылуу камалган малды чөп менен камсыздоо муниципалдык мекемеге өз каражатынын эсебинен топтоо милдеттендирилет. Камакка түшкөн мал ээси тарабынан камак учурунда малга салынган чөптүн акысы үчүн төлөнгөн акча каражаты муниципалдык мекеменин эсептик счетуна которулуп берилет. Камакка түшкөн малдын ээси аныкталганга чейинки мал жеген тоют малдын ээси тарабынан, өз малдарын чыгарып кетээр алдында эки тараптын сүйлөшүүсү менен мал ээси тоюттун чыгымын төлөп берүүгө милдеттүү.

 

1.5. Корукчу – Кара-Суу айыл аймагында мезгилдүү, келишимдик негизде жер корук иштери боюнча иш алып барган кызмат адамы (мындан ары корукчу)

 

1.6. Кароол – мезгилдүү, келишимдик негизде Кара-Суу айыл аймагында муниципалдык ишкана уюштурган атайын убактылуу мал камоочу жайга камакка түшкөн малды карап баккан кызмат адамы (мындан ары кароол)

 

2. Максаты

 

2.1. Корукчу: Айдоо аянттарды, жайыттарды жана чабындыларды мыйзамсыз мал жайып жана башка пайдаланууга жол бербөө.

 

2.2. Жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшүү.

 

2.3. Муниципалдык мүлктү сактоо жана жайыттардын экологиялык абалын көзөмөлдөө жана мыйзам бузулган учурда айыл өкмөтүнө же МИ га билдирүүсү шарт.

 

2.4. Кароол: Кара-Суу айыл аймагында айыл өкмөтү уюштурган атайын убактылуу мал камоочу жайга камакка түшкөн малды карап, МИ тарабынан камсыздалган чөптү өз убагында берип жана малды сугарып туруу.

 

3. Корукчу менен кароолдун негизги милдеттери

 

Корукчу төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

  • бекитилген жайыт жана чабындылар аймагын күн сайын кыдыруу жана кароосуз калган малдарды камоо, жер ээлери жана башка жарандар тарабынан убактылуу камоого алып, Укук бузуулар боюнча иштерди кароочу комиссиянын мүчөлөрүнө, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине (мындан ары Укук бузуулар комиссиясы) кабарлоо.
  • мыйзам бузуу фактылары боюнча акт түзүүгө катышуу.
  • кароосуз калган малдарды убактылуу камоочу жайга камаар астында, укук бузуунун далили катары фото, видео түрүндө укук бузуу катталган жери, убакыты, малдын саны, өңдөрү жана башка өзгөчө белгилери боюнча материалдарды даярдоо.

 

Кароол төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

  • убактылуу камакка киргизилип жаткан малга акт түзүп өткөрүп алуу.
  • убактылуу камакка алынган малдын ачкадан өлүп калуусун алдын алуу максатында чөп чачуу жана сугарып туруу.
  • Убактылуу камакка түшкөн малдын ээси аныкталып, тиешелүү иш кагаздар толтурулуп, мал ээсине өткөрүп берген күнгө чейин малды кароого.

 

 4. Корукчу менен кароолдун укуктары

 

Корукчу төмөнкү укуктарга ээ:

 

  • жайытты жана чабындыларды пайдалануучулардан белгиленген эрежелерди сактоону талап кылууга.
  • мыйзам бузуу фактылары боюнча фото жана видео материалдарды топтоого.
  • жайыттарды коргоону жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл шарттарды талап кылууга.

 

Кароол төмөнкү укуктарга ээ:

 

  • камакка чейин жоголгон, өлгөн, ооруган малга жоопкерчилик тартпайт.
  • убактылуу камакка алынган малдын өмүрүнө жана башка көрүнүштөрүнө (табигый кырсыктардан тышкары) камаган тарап жоопкерчилик тартат жана жергиликтүү бюджеттен компенсацияланат.

 

5. Жоопкерчилиги

 

Корукчу:

 

  • кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
  • мыйзам бузууларды жашырганы үчүн.
  • кызматтык маалыматтарды мыйзамсыз пайдаланганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылйык жоопкерчилик тартат.

 

Кароол:

 

  • ишенип берилген мүлктү бузганы же жоготкону үчүн.
  • убактылуу камалган малга убагында чөп, суусун бербей зыян келтиргендиги үчүн.

 

6. Иш тартиби

 

  • Корукчу менен кароол бекитилген график боюнча иш алып барышат.

 

7. Корукчу менен кароолдун эмгек акысын эсептөө жана төлөө тартиби

 

7.1. Корукчуга, кароолго атайын Банктык эсеп ачылып эмгек акысы которуу жолу менен жүргүзүлөт жана эсептешүү мөөнөтү келишимде көрсөтүлөт.

 

7.2. Кара-Суу айыл аймагында корукчунун жана кароолдун эмгек акысы Бюджет Кодексинин 52-беренесине жана Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын          11.3-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.

 

7.3. Корукчунун эмгек акысы катары укук бузуудан түшкөн айып пулдун 15% (он беш пайызы) эсептелинет жана башка милдеттүү төлөмдөр Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт. Кароолдун эмгек акысы катары укук бузуудан түшкөн айып пулдун 15% (он беш пайызы) эсептелинет жана башка милдеттүү төлөмдөр Эмгек Кодексине ылайык жүргүзүлөт.

 

7.4. Квитанция алдынкы бетинде муниципалдык ишкананын мөөрү басылышы керек. Төлөм жүргүзүүдө бир бөлүгү айрылып берилип, бир бөлүгү өзүндө калат жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө өткөрүү менен отчет берилет.

 

7.5. Баардык акча каражаттарын жүгүртүү амалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казына бөлүмү аркылуу аткарылат.

 

8. Корутунду жоболор

 

8.1. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин токтому менен киргизилет.

 

8.2. Корукчу менен кароол ушул жобонун талаптарын так сактоого милдеттүү.

 

 

 

Төрага                                                                                                     К. Жакыпакун уулу