Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №14
Сузак райондук ички иштер
бөлүмүн куруу үчүн жер аянтын
муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4,13,25 жана 31-беренелеринин жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына ылайык Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 18.12.2024-жылдагы № 01-16/613 корутундусунун, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 10.12.2024-жылдагы №01-05/380 корутундусунун жана Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн № 161-б 24.02.2025-жылдагы кайрылуусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Жаны-Жер айылынын № 596 контурундагы өндүрүш алдындагы 600,0 чарчы метр жер аянтына Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө, участкалык таяныч пунктун куруу үчүн аталган жер аянты, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |