Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №17
“Айыл чарба багытындагы жер
аянтын өндүрүштүк ишкана куруу
максатында трансформациялоо жана
план схемасын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине негиздеп Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн №71-б 24.02.2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылынын №422,№424,№426,№481,№482,№496,№497,№499,№513,№514,№515,№516,
№517,№518 жана № 519 контурларындагы жалпы аянты 31га айыл чарба багытындагы жер аянтын өндүрүштүк ишкана куруу максатында трансформациялоо жана план схемасын бекитүү үчүн, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын карта көчүрмөсүнүн негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылынын №422 ,№424,№426,№481,№482,№496,№497,№499,№513,№514,№515,№516,№517,№518 жана № 519 контурундагы жалпы аянты 31га айыл чарба багытындагы жер аянтын мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди өнөр-жай,транспорт байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына өндүрүштүк ишкана куруу максатында багытын (трансформациялоо) которууга макулдук берилсин жана план схемасы бекитилсин.
2.Аталган токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиев жүктөлсүн.
4. Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |