Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №20
Сайпидин Атабеков айыл аймагындагы № 2016, № 2017, № 2018, № 2123,№ 2124,№ 2125, №2126, № 2391, № 2392 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө жана резервине талапкерди бекитүү жөнүндө
2011-жылдын 30-июнундагы № 62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 “Кыргыз” Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, ошондой эле жарандардын коомдук бирикмелеринин жыйындарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө жана резервине талапкерди көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы боюнча комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Сайпидин Атабеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайпидин Атабеков айыл аймагындагы № 2016, № 2017, № 2018, № 2123,№ 2124,№ 2125, №2126, № 2391, № 2392 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө жана резервине талапкерлер №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтом тиркемелери менен Сузак районунун аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Токтомду Аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке жүктөлсүн.
4.Токтом Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |