РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-августу № 674-т (Ысык-Көл облусу менен КЭР Сицзан автономдук району ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакция29.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 29-августу № 674-т

 

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен региондор аралык кызматташуусун өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Кытай Эл Республикасынын Сицзан автономиялуу районунун ортосундагы Боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен макулдук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев