Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №22
“С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга
социалдык-экономикалык өнүктүрүү
программасын (СЭӨП)даярдоо” жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын негизинде С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында 2025-жылы 21 –февраль № 155 сандуу катынын негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке жүктөлсүн.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |