Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №23
“Айыл чарба багытындагы жерлер
категориясындагы “ жер аянтына
бала-бакча жана спорт аянтчасын
куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 4,11,15-беренелеринин.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 23-февраль 2025-жыл № 348 сандуу кайрылуусунун,Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 18.11.2024-жыл № 346 –буйругунун жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 24.07.2024-жылдагы №01-05/19 сандуу корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Кызыл-Багыш айылынын №41-контурундагы жалпы 0,55га “ Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясындагы жер аянтына бала-бакча жана спорт аянтчасын куруу үчүн аталган жер аянтын өнөр-жай, транспорт байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Аталган токтом Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
4.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |