Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №25
Жер аянтын муниципалдык
менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4,13,25жана
31-беренелеринин ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчикти башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-жыл 24-февраль № 161-б сандуу кайрылуусунун
негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Жаны-Жер айылынын
№551 контурундагы мурдагы суу башатынын жалпы ээлеп турган
300,0 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2.Токтомду аткаруу жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы
К.Исканаджиевке жүктөлсүн.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |