Редакцияот 18.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги

I сессиясынын

 

2026-жылдын 18-февралындагы №1/6

 

 

“Баланска өткөрүп берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелеринин жетекчиликке алып, Айры-Там айыл аймагында жайгашкан Ала-Бука жалпы даарыгерлик практикалык борбору ГСВ №12ни Ала-Бука аймактык ооруканасынын базасына өткөрүп берүү жөнүндө Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фавманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.        Айры-Там айыл аймагында жайгашкан Ала-Бука жалпы даарыгерлик практикалык борбору ГСВ №12ни Ала-Бука аймактык ооруканасынын базасына мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.        Айыл өкмөтүнүн балансынан Ала-Бука аймактык ооруканасынын балансына өткөрүп берүүдө тиешелүү документтерин даярдоо жагы Айры-Там айыл өкмөтүнүн орун басары А.Уметалиевге тапшырылсын.

 

 

3.        Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы, Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4.        Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер, жер, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

М.Кулуев