Редакцияот 18.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги

I сессиясынын

 

2026-жылдын 18-февралындагы №1/7

 

 

“Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, сел кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелерин жетекчиликке алып, Айры-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин бюджет, экономика,  муниципалдык    менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралында өткөрүлгөн отурумунун корутундусунун негизинде, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2026-жылга Айры-Там айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, сел кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2 000 000(эки миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.

 

  1. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эффективдүү, сарамжалдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловго, ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.

 

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы, Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика,  муниципалдык  менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча  туруктуу  комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн

 

Төрага:

М.Кулуев