Редакцияот 16.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 16-майындагы  №2

 

Жер аянтын муниципалдык

менчикке алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,31,78-беренелерине таянып Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына ылайык жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-жыл 16-май № 424 сандуу кайрылуусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын Маманов Ш №56/2 дарегиндеги 3-05-10-1002-1205 сыр белгиси жеке менчик 243,00 чарчы метр менчик турак –жай алдындагы жер аянтына мечит куруу үчун муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

 

2.Жер ресурстары , кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентинин Сузак филиалынан суралсын.

 

3.Токтомду аткаруу жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке жүктөлсүн.

 

4.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет

 

 

Төрага :      

 

                     А.Мавлянов