АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги
I сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №2/9
“Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча отчету жөнундө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралында өткөрүлгөн отурумунун корутундусунун негизинде, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Р.Фарманкуловдун 2025-жылдын 12 айына карата аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жороеванын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча берген маалыматы эске алынсын.
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы, Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Кулуев |