Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXIX сессия
2026-жылдын 27-августундагы №4
«Манас шаарындагы жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-19-беренелерине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-июлундагы чыг.№01-18/4271 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.08.2026-жылдагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Спутник кичи районунун №16 көчөсүнүн №3/20 дарегинде жайгашкан “Жалалабаткурулуш” ачык акционердик коомуна таандык 1785,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Манас шаарынын Эшме айылынын Долбоорлоо көчөсүнүн №1,26 дарегинде жайгашкан Ж.Исмановго таандык (идентификациялык коду 3-05-12-1004-0026) 2066,70 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
3.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкени өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант уулу А. |