МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXIX сессия
2026-жылдын 27-августундагы №5
«Манас шаарынын аймагындагы Көк-Арт дарыясынын коргоочу тосмосун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-19-беренелерине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 8-августундагы чыг.№01-18/5432 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.08.2026-жылдагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын аймагындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгин бойлоп Манас-Благовещенка авто жол көпүрөсүнөн баштап Кайрагач каналына чейинки жалпы узундугу 6700 метр болгон №10 коргоочу тосмосун (дамба) муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) коргоочу тосмону өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант уулу А. |