Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин  X чакырылыш

кезектеги XXIX сессия

 

  2026-жылдын 27-августундагы №6

 

«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги кичи футбол аянтчасын өткөрүп берүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 10-июлундагы чыг.№01-18/4619 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.08.2026-жылдагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XXIX сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги кичи футбол аянтчасын Р.Санатбаев атындагы №3 олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мүлктү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

  

Талант уулу А.