Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин  X чакырылыш

кезектеги XXIX сессия

 

  2026-жылдын 27-августундагы №8

 

«Манас шаарында жайгашкан эски автобекеттин ордуна муниципалдык мектеп курууга макулдук берүү жөнүндө»

 

Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 21-августундагы чыг.№01-18/5773 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.08.2026-жылдагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Манас шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №171 дарегинде жайгашкан эски муниципалдык автобекеттин ордуна муниципалдык мектеп курууга макулдук берилсин.

2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкени максаттуу пайдалануу менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

  

Талант уулу А.