Редакцияот 16.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 16-майындагы  №8

 

Жер аянтын муниципалдык

менчикке алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,31,78 жана Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына ылайык жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-жыл 16-май № 418 сандуу кайрылуусунун, Кыргызмамжердолбоорлоо жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 29.04.2025-жыл № 01-05/ 393 сандуу корутундусунун жана Кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Сузак филиалынын 22.04.2025-жыл № 01-16/370 сандуу корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Бек-Абад айылынын №8 контурунда жайгашкан карта көчүрмөсүндө көрсөтүлгөн жалпысы № 0,27га жер аянтын С.Атабеков айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондуна алууга макулдук берилсин.

 

2.Токтомду аткаруу жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке жүктөлсүн.

 

3.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Төрага :      

 

                     А.Мавлянов