Редакцияот 16.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы

2026-жылдын 16-марты  № 3/1   

                

  Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн

кайрак жерлер  үчүн баа коюу жөнүндө

 

              Нарын райондук мамлекеттик  админстрациясынын 2026-жылдын 16-январындагы №01-18/96 катына ылайык Тоголок-Молдо айыл аймагынын Ак-Тал айылынын Жондун үстү участкасынан 1012,6 (га) жер жайыт категориясынан трансформация болуп кайрак айдоо жерлерине которулгандыктан жер аянтын өздөштүрүүдө баа коюу жөнүндө  Тоголок Молдо айылдык кенеши токтом кылат:

 

1.    Тоголок-Молдо айыл аймагынын Ак-Тал айылынын жайыт категориясынан    трансформация  болуп кайрак айдоо жерлерине которулган 1012,6 га  жер аянтын өздөштүрүүдө 1(га) үчүн коюулган баасы 1500(бир мин беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.     Ушул токтом www.toqolok-moldo.qov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын  Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

3.    Каттоодон өткөрүү жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы М.Орозобековага тапшырылсын.

4.     Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын башчысы А.Акматовга  тапшырылсын.

 

  Төрайым

Г. Бегимкулова