Редакцияот 16.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 16-майындагы  №12

 

“Ардактуу атуул наамын берүү” жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн 16.05.2025-жыл № 586 сандуу кайрылуусунун жана Бек-Абад айылынын №16 Уй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун эмгек жамаатынын 2025-жылдын 16-май келтирилген сунушунун талкуулап Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.С. Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Абад айылындагы №16

Уй-булөлүк даарыгерлер тобунун мед айымы Сейдалиева Зайнап Адылбековнага С.Атабеков айыл аймагында медицина тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиев жүктөлсүн.

 

3. Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага :      

 

                     А.Мавлянов