Редакцияот 16.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2026-жылдын 16-март №2/10

 

“Каттуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эсептөөлөрдүн төлөм ченемин (тариф) бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 23-февралында №01-04/55 сандуу катталган юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды бюджетке өз убагында жана толук төлөнүшү үчүн айыл өкмөт башчыларына жана айылдык кеңешинин төрагаларына жолдогон билдирүүсүнө ылайык, жыйымдын ставкасынын өлчөмү менен бирге жыйымды төлөө жана эсептөөлөрдү тапшыруу мөөнөттөрүн аныктоо боюнча айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 16-мартындагы №01-6/29 катынын негизинде, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезексиз II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 75-76-беренелерине ылайык, Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-мартындагы муниципалдык ишканасынын “Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифтерин бекитүү жөнүндө” №5/19 токтомунун кошумча толуктоолор киргизилсин.

 

  1. Айыл аймак боюнча таштандыларды ташып чыгаруу үчүн эсептөөлөрдүн ченеми (тариф) төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

 

-       Жеке жана юридикалык жактарга ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр үчүн ар бир жумушчуга бир ээсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

 

-       Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар бир жумушчуга бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.

 

 

 

  1. Айыл аймакта калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөлөрдү бекитилген форма боюнча берүү жагы 2026-жылдын ар бир айдын 15-күнүнөн кечиктирилбестен жүргүзүү белгиленсин.

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика,  муниципалдык  менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.Кулуев