АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2026-жылдын 16-март №2/11
Айыл аймагындагы мечиттерди Жалал-Абад облустук казыятына пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелерин жетекчиликке алып жана муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезексиз II сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймагында жайгашкан муниципалдык менчиктеги мечиттер 5(беш) жылдык мөөнөткө Жалал-Абад облустук казыятына акысыз убактылуу пайдаланууга берилсин.
- Мечитти пайдалануу укугу төмөнкү шарттар менен берилсин:
- диний ишмердүулүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш;
- Экстремизимге, терроризмге жана мыйзамга каршы келген аракеттерге жол берилбесин;
- Мечит имараттарынын техникалык абалын сактоо, оңдоо жана тазалыкты камсыз кылуу пайдаланууга алынуучуга жүктөлсүн;
- Максатуу багытынан тышкары пайдаланууга жол берилбесин;
- Акысыз пайдалануу үчүн келишим түзүү жана пайдалануунун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
- Мечиттердин ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде уюштуруп, коомдук тартипти, диний сабаттуулукту жана ынтымакты сактоого багытталган иштерди жүргүзүү жагы Жалал-Абад облустук казыятына милдеттендирилсин.
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Кулуев |