Редакцияот 30.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы

 

2025-жылдын 30-июлундагы  №12

 

Муниципалдык иш канасынын

таза суу тарифин көтөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык С.Атабеков муниципалдык ишканасынын 29.07.2025-жылдагы №5 сандуу кайрылуусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.С.Атабеков муниципалдык ишканасынын таза суу тарифин электр энергиясынын кымбатташына карата таза суу төлөмүн ар бир үйгө 150сомго көтөрүлсүн.

 

2.Токтомду аткаруу жагы С. Атабеков муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Ормоновко жүктөлсүн.

 

3.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага :      

 

                     А.Мавлянов