Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 7-сентябрындагы № 05/2-17/264
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу ветеринардык контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жактан камсыздоого карата типтүү талаптарды бекитүү жөнүндө
Чек арадагы ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалуулугун камсыз кылуу жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кирип келишин жана жайылышын алдын алуу, ошондой эле ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген жаныбарлардан алынган продукциянын жана тоюттардын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинишине бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 13-пунктунун 29-пунктчасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу ветеринардык контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жактан камсыздоого карата типтүү талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгы үч жумуш күндүн ичинде:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-министр |
| Э.А. Акунбеков |