Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 27-январы № 92

 

Мраморное айылындагы ЖББ орто мектептин сыртын жылуулоо долбоору боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө 2025-жылдын 1-мартындагы №103 токтомунун негизинде, айылдык кеӊештин отурумунда талкуулап жана карап чыгып, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:

1. Мраморное айылындагы ЖББ орто  мектептин сыртын жылуулоо долбоорун ишке ашыруу максатында Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1500000 (бир миллион беш жүз миӊ) сом бөлүнүп берүүсү бекитилсин.

2. Өнүктүрүү фонд тарабынан 3 500 000сом (үч миллион беш жүз миң) сом бөлүнүп берилет.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономикалык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Акматказиев М.А.