Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын  27-январы № 93

 

Мраморное айылындагы 70 жаш Октябрь көчөсүнө тротуар куруу долбоору боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө 2025-жылдын 1-мартындагы №103 токтомунун негизинде, айылдык кеӊештин отурумунда талкуулап жана карап чыгып, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:

1. Мраморное айылындагы  70 жаш Октябрь көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр жолу (тротуар) долбоорун ишке ашыруу максатында Сүймөнкул Чокморов  айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 900000 (тогуз жүз миӊ) сом бөлүнүп берүүсү бекитилсин.

2. Өнүктүрүү фонд  тарабынан  2 100 000сом (эки миллион жүз миң) сом бөлүнүп берилет.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономикалык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

 

Төрага

 

Акматказиев М.А.