Редакцияот 20.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 20-февралы № 96

 

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын коммуналдык төлөм ченемдерин бекитүү боюнча

 

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын башчысы Мураталиев Т.М. 2026-жылга карата коммуналдык төлөм ченемдери боюнча сунушун карап жана талкуулап, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:

1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “ Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын коммуналдык төлөмдөр 2026-жылга төмөнкү ченемде бекитилсин.

- Иче турган сууга- 35/1 кишиге ай сайын

- Канализация -35сом/ 1 кишиге ай сайын

- Огороддорду сугарууга- 25/1 сот.

- Таштанды үчүн -30 сом/ 1 кишиге ай сайын.

- Коммерциялык максатта пайдаланылган (кафе, мончо ж.б.) айына 500сом.

- Канализация туташтыруу үчүн 2000сом.

- Ичүүчү суу менен жашыл жерлерди (шланг менен туташтыруу) сугаруу үчүн айып пул 7500сом. (саат22:00дон 06:00го чейин кана уруксат берилет).

- Таштандыларды белгиленбеген жерде төгүү 7500сомдон 10000сомго чейин айып пул салынат.

- Зыян 7500 сом- зыяндын ордун толтуруу

- Коммерциялык максатта пайдаланылган (магазиндерге жеке баняларга, ашканаларга) сууну пайдалануу жана таштанды чыгаруу үчүн- айына 500сом.

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономикалык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Акматказиев М.А.