Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 5-марты №35
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу обьектилерге смета, долбоор даярдоого каражат карап берүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылына 100 орундуу бала бакча куруу үчүн, Сумсар айылына эс алуучу жай куруу үчүн , Ак-Терек айылындагы Ынтымак көчөсүндөгү стадионду реконструкциялоо үчүн, Сумсар айылына спорт комплекс куруу үчүн, Таза суу чыкпаган айылдарга Таза суу чыгаруу үчүн, Ю.А.Гагарин атындагы мектепти капиталдык ремонттон чыгаруу үчүн, Сумсар, Шекафтар айылдарындагы маданият үйлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, М.Алымкулов жана “Жылдызча” бала бакчасынын актовый залын куруу үчүн, Терек-Сай айыл аймагына караштуу бардык айылдардын башка планын жасатуу үчүн, С.Мырзалиев көчөсүнө мамыча жана линия тартуу үчүн, Кара-Төбө участкасындагы 80 га кайракы жерге насос менен суу чыгаруу үчүн , Болуш айылында жайгашкан мечиттин жанынан түшкөн жерге чон көпүрө куруу үчүн, Сумсар айылындагы өкмөттүн эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын смета, долбоорлорду даярдоого карап берүү жөнүндө Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Көлбаева Махабат Нарбековнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылына 100 орундуу бала бакча куруу үчүн 400,0 (төрт жүз мин) сом, Сумсар айылына эс алуучу жай (парк) куруу үчүн 100,0 жүз мин) сом , Ак-Терек айылындагы Ынтымак көчөсүндөгү стадионду реконструкциялоо үчүн 100,0(жүз мин) сом, Сумсар айылына спорт комплекс куруу үчүн 500,0 (беш жүз мин) сом, Таза суу чыкпаган айылдарга Таза суу чыгаруу үчүн 3000,0 (үч миллион) сом, Ю.А.Гагарин атындагы мектепти капиталдык ремонттон чыгаруу үчүн 150,0 (бир жүз элүү мин)сом, Сумсар, Шекафтар айылдарындагы маданият үйлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 200,0 (эки жүз мин) сом, М.Алымкулов бала бакчасына актовый зал куруу үчүн 100,0 (жүз мин) сом, “Жылдызча” бала бакчасынын актовый залын куруу үчүн 100,0 (жүз мин) сом, Терек-Сай айыл аймагына караштуу бардык айылдардын башкы планын (генплан) жасатуу үчүн 7000,0 (жети миллион) сом, С.Мырзалиев көчөсүнө мамыча жана линия тартуу үчүн 100,0 (жүз мин) сом , Кара Төбө участкасындагы 80 га га кайракы жерге насос менен суу чыгаруу үчүн 1000,0 (бир миллион ) сом, Болуш айылында жайгашкан мечиттин жанынан түшкөн жерге чон көпүрө куруу үчүн 150,0 (бир жүз элүү мин) сом, Сумсар айылындагы өкмөттүн эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 100, 0 (жүз мин) сом акча каржаттары смета, долбоорлорду даярдоого 01.01.2025-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Суванова Тамара Тургунбаевнага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|