Редакцияот 14.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2026-жылдын 14-августу №98 /XIХ-29

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бекитилген аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына (ПСР) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу өнүктүрүү, пландаштырылган иш-чараларды аткарууну оптималдаштыруу жана калктын суроо-талаптарын өз убагында чечүү максатында, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бекитилген аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына (ПСР) өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы  боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов