Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2026-жылдын 22-майындагы №2

 

“Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 18-майындагы №01-19/1915 чыгыш сандуу катын, “Талдуу-Сай” көчөсүнүн жашоочуларынын протоколун, Каныш-Кыя айылынын тургуну Алимбеков Жумабайдын уул кыздарынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын “Талдуу-Сай” көчөсүнүн аты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы “Кыргыз Республикасында географиялык обьектилерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндөгү ” №149 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Алимбеков Жумабайдын ысымына өзгөртүлсүн.

 

2.   Көчөгө ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу Ж.Алимбековдун уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин. Иш алып баруу Каныш-Кыя айылынын айыл башчысына тапшырылсын.

 

 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.М.Козубаев