Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2026-жылдын 22-майындагы №10

 

“Бузууга уруксат берүү жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 20-майындагы №01-19/1965 чыгыш сандуу Коргон-Сай айылында жайгашкан К.Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын, Жаңы-Базар айылында жайгашкан Т.Жаналиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын, Каныш-Кыя айылында жайгашкан айылдык мончонун эски имаратын бузууга макулдук берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     Коргон-Сай айылында жайгашкан К.Акназаров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин эски имаратын, Жаңы-Базар айылында жайгашкан Т.Жаналиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын, Каныш-Кыя айылында жайганкан айылдык мончонун эски имаратын (баардык тиешелүү документтерин тактоо менен ) бузууга макулдук берилсин.

 

2.      Мыйзамдуулугун карап, тиешелүү компетенттүү органдар менен биргеликте иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адиси И.Батырбековго тапшырылсын.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

М.М.Козубаев