Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-сентябры № 600
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк
жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо
маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын келишин тартипке салуу максатында, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 10-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуунун мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 «Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун тиркемесинин 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 «Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 «Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү маселелери жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 «Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 67 (3827) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуунун мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин ТИЗМЕГИ
№ | Чет мамлекеттин аталышы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоого туруу үчүн зарыл болгон мөөнөт |
1 | Австралия | 30 календардык күн |
2 | Австрия Республикасы | 30 календардык күн |
3 | Азербайжан Республикасы | 15 календардык күн |
4 | Албания Республикасы | 30 календардык күн |
5 | Андорра Княздыгы | 30 календардык күн |
6 | Аргентина Республикасы | 30 календардык күн |
7 | Армения Республикасы | 30 календардык күн(*) |
8 | Багам Аралдарынын Шериктештиги | 90 календардык күн(*) |
9 | Барбадос | 28 календардык күн(*) |
10 | Бахрейн Падышалыгы | 60 календардык күн |
11 | Беларусь Республикасы | 30 календардык күн(*) |
12 | Бельгия Королдугу | 30 календардык күн |
13 | Болгария Республикасы | 30 календардык күн |
14 | Босния жана Герцеговина | 30 календардык күн |
15 | Бразилия Федеративдүү Республикасы | 30 календардык күн |
16 | Бруней-Даруссалам Мамлекети | 30 календардык күн |
17 | Ватикан | 30 календардык күн |
18 | Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу | 30 календардык күн |
19 | Венгрия | 30 календардык күн |
20 | Венесуэла Боливариан Республикасы | 90 календардык күн(*) |
21 | Вьетнам Социалисттик Республикасы | 30 календардык күн |
22 | Германия Федеративдүү Республикасы | 30 календардык күн |
23 | Греция Республикасы | 90 календардык күн(*) |
24 | Грузия | 90 календардык күн(*) |
25 | Дания Королдугу | 30 календардык күн |
26 | Доминика Шериктештиги | 21 календардык күн(*) |
27 | Израил Мамлекети | 30 календардык күн |
28 | Индонезия Республикасы | 60 календардык күн |
29 | Иран Ислам Республикасы | 8 календардык күн(*) |
30 | Ирландия Республикасы | 30 календардык күн |
31 | Исландия | 30 календардык күн |
32 | Испания Королдугу | 30 календардык күн |
33 | Италия Республикасы | 30 календардык күн |
34 | Казакстан Республикасы | 30 календардык күн(*) |
35 | Канада | 30 календардык күн |
36 | Катар Мамлекети | 60 календардык күн |
37 | Кипр Республикасы (батыш) | 30 календардык күн |
38 | Корея Республикасы | 30 календардык күн |
39 | Коста-Рика Республикасы | 30 календардык күн(*) |
40 | Куба Республикасы | 30 календардык күн(*) |
41 | Кувейт Мамлекети | 60 календардык күн |
42 | Лаос Элдик-Демократиялык Республикасы | 30 календардык күн(*) |
43 | Латвия Республикасы | 30 календардык күн |
44 | Литва Республикасы | 30 календардык күн |
45 | Лихтенштейн Княздыгы | 30 календардык күн |
46 | Люксембург Улуу Герцогдугу | 30 календардык күн |
47 | Македония Республикасы | 30 календардык күн |
48 | Малайзия | 30 календардык күн(*) |
49 | Мальдив Республикасы | 30 календардык күн(*) |
50 | Мальта Республикасы | 30 календардык күн(*) |
51 | Мексика Кошмо Штаттары | 30 календардык күн |
52 | Монако Княздыгы | 30 календардык күн |
53 | Монголия | 30 календардык күн(*) |
54 | Нидерланд Королдугу | 30 календардык күн |
55 | Никарагуа Республикасы | 90 календардык күн(*) |
56 | Жаңы Зеландия | 30 календардык күн |
57 | Норвегия Королдугу | 30 календардык күн |
58 | Бириккен Араб Эмираттары | 60 календардык күн |
59 | Оман Султанаты | 60 календардык күн |
60 | Перу Республикасы | 90 календардык күн(*) |
61 | Польша Республикасы | 30 календардык күн |
62 | Португалия Республикасы | 30 календардык күн |
63 | Россия Федерациясы | 30 календардык күн(*) |
64 | Румыния | 30 календардык күн |
65 | Эль-Сальвадор Республикасы | 90 календардык күн(*) |
66 | Сан-Марино Республикасы | 30 календардык күн |
67 | Сауд Аравия Падышалыгы | 60 календардык күн |
68 | Сербия Республикасы | 60 календардык күн |
69 | Сингапур Республикасы | 30 календардык күн |
70 | Словакия Республикасы | 30 календардык күн |
71 | Словения Республикасы | 30 календардык күн |
72 | Америка Кошмо Штаттары | 30 календардык күн |
73 | Таиланд Падышалыгы | 30 календардык күн |
74 | Тажикстан Республикасы | 60 календардык күн(*) |
75 | Түркмөнстан | 10 календардык күн(*) |
76 | Түркия Республикасы | 90 календардык күн(*) |
77 | Украина | 90 календардык күн(*) |
78 | Филиппин Республикасы | 60 календардык күн |
79 | Финляндия Республикасы | 30 календардык күн |
80 | Франция Республикасы | 30 календардык күн |
81 | Хорватия Республикасы | 30 календардык күн |
82 | Черногория | 30 календардык күн |
83 | Чехия Республикасы | 30 календардык күн |
84 | Чили Республикасы | 60 календардык күн(*) |
85 | Швейцария Конфедерациясы | 30 календардык күн |
86 | Швеция Королдугу | 30 календардык күн |
87 | Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы | 30 календардык күн 0(*) |
88 | Эквадор Республикасы | 30 календардык күн(*) |
89 | Эстония Республикасы | 30 календардык күн |
90 | Түштүк-Африка Республикасы | 60 календардык күн |
91 | Япония | 30 календардык күн |
92 | Индия Республикасы | 30 календардык күн |
Эскертүү.
(*) Чет мамлекеттердин жарандарына карата Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле бул чет мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына карата алар ошол чет мамлекеттин аймагында туруктуу же убактылуу жүргөн мезгилде колдонулуучу каттоо жол-жоболорун жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен өз ара макулдук принциби колдонулат.