Редакцияот 30.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2026-жылдын 30-апрелиндеги №1

 

“Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 29-апрелиндеги №01-19/1683 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитип берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставы бекитилсин.

 

2.      Бекитилген Устав мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлсүн.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

М.М.Козубаев