Загрузка документа…
3-тиркеме
Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө
убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары – уюштуруу комитети) ишинин тартибин жөнгө салат.
2. Уюштуруу комитети Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоонун тартибин аныктоочу консультативдик-координациялык орган болуп саналат.
2-глава. Максаттары жана милдеттери
3. Уюштуруу комитети өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун негизинде жүргүзөт.
4. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
5. Уюштуруу комитетинин чечимдери зарыл болгон учурда сурамжылоо аркылуу кабыл алынышы мүмкүн.
6. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары видеоконференция байланышын пайдалануу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
7. Уюштуруу комитетинин чечимдери мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3-глава. Уюштуруу комитетинин иши
8. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары төраганын төрагалыгы астында өткөрүлөт. Төрага жок учурда анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
9. Уюштуруу комитети:
1) Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурат;
2) Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо процессин координациялайт;
3) бекитилген квотага ылайык региондук, тармактык белгилери боюнча, ошондой эле эмгек миграциясы, этностук таандыктыгы, жынысы жана жашы боюнча өкүлчүлүк принциптеринин сакталышын сунуштайт.
4-глава. Милдеттери жана укуктары
10. Уюштуруу комитети:
1) Элдик Курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планын жана календардык планын бекитет;
2) Элдик Курултайга делегаттарды тандоо үчүн зарыл болгон документтердин үлгүлөрүн бекитет: жалпы жыйналыштардын протоколдорун, анкеталарды, кайрылууларды ж.б.;
3) Улуттук Кеңештин, эсептөө комиссиясынын өкүлчүлүктөрүнүн жана жарыш сөзгө чыгуучу катышуучулардын квоталарын аныктайт;
4) зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу;
5) Элдик Курултайдын ишинин баштапкы этабын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитет;
6) түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурат, анын ичинде региондордо жооптуу жетекчилерди жана кызматкерлерди окутуу;
7) региондордо Элдик Курултайга шайланган делегаттар менен жолугушууларды өткөрүүнү уюштурат;
8) ушул Убактылуу жобо менен жөнгө салынбаган жана анда камтылбаган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
5-глава. Корутунду жоболор
11. Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши түзүлгөн учурдан тартып Уюштуруу комитети өз ишин токтотот.
12. Ушул Убактылуу жобо «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте тиешелүү жөнгө салуучу документтер кабыл алынганга чейин колдонулат.