Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №40
2025-жылга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык -түлүк Программасынын алкагында даярдалган долбоорлорго каражат карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы тургундарды убактылуу жумуш менен камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюумунун Дүйнөлүк азык-түлүк Программасынын алкагында атайын долбоорлор даярдалып, курулуш материалдарын алып берүүгө жана массаж жасоого, тигүүчүлүккө окутууга кызмат акылары үчүн каражат карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исраиловдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы №371-т тескемесин аткарууга алуу максатында Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги калктын аярлуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын тамактануусу үчүн акы төлөөгө женилдиктерди берүү максатында төмөнкү балдар ата-энелер взносунан бошотулсун жана акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
1. Алмазова Фатима Бекмаматовна – “Ай-нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2.Алишерова Фатима – “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3.Пулатова Салиха- “М.Алымкулов” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
4.Данияров Алинур – “Жылдызча” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
5.Даниярова Алина – “Сумсар” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
6.Апсаламова Даткайым – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
7.Парпиев Ариет Муродбекович – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
8.Туйчиева Асия – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы тургундарды убактылуу жумуш менен камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюумунун Дүйнөлүк азык-түлүк Программасынын алкагында атайын долбоорлор даярдалып, курулуш материалдарын алып берүү үчүн Кызыл-Токой айылындагы Туйгун-Терек көчөсүнөн Ынтымак көчөсүнүн чон сууга (дарыяга) чейин жалпы 320 м болгон селкананы бетондоо жумушуна 612 (алты жүз он эки) сом; Кызыл-Токой айылындагы Кут-Билим көчөсүнөн айылдын этегине чейинки 700 м болгон айыл тургундарынын короосуна (огородуна) кеткен арыкты бетондоо үчүн 638 000 (алты жүз отуз сегиз мин) сом; Мончок-Дөбө айылынын Жетиген участкасындагы унаалар өтүүчү туурасы 5м, узундугу 8м болгон көпүрөнү реконструкциялоо үчүн 126 995 (бир жүз жыйырма алты мин тогуз жүз токсон беш ) сом; Мончок-Дөбө айылындагы Көккөз арыгын бетондоо үчүн 328 170 (үч жүз жыйырма сегиз мин бир жүз жетимиш) сом; Биримдик айылында элдин огородун суугаруучу арыктардын сел алып кеткен жерлерин ондоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 31 500 (отуз бир мин беш жүз) сом; Сумсар айылындагы Кундуз-Дөбө көчөсүндө жайгашкан 3 (үч) кабаттуу үйдүн ортосуна септик куруу үчүн 70 810 (жетимиш мин сегиз жүз он) сом; Сумсар, Шекафтар, Мончок-Дөбө, Биримдик айылдарындагы майыптыгы бар балдардын ата-энелерин майып балдарына массаж жасоого окутуу, үйрөтүү үчүн 50 000 (элүү мин) сом; Терек-Сай айылындагы С.Мырзалиев көчөсүндөгү сел алып кеткен жерлерге тазалоо, сүрдүрүү,ондоп-түзөө иштерин жүргүзүү, бетондоо жумуштары үчүн 165 900 (бир жүз алтымыш беш мин тогуз жүз) сом, Сумсар, Шекафтар, Мончок-Дөбө, Биримдик айылдарындагы майыптыгы бар балдардын ата-энелерин майып балдарга массаж жасоо боюнча окуу курсун уюштурууга 50, 000 (элүү мин) сом акча каражаттары пландан ашыкча аткарылган каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
-Сумсар, Шекафтар, Мончок-Дөбө, Биримдик айылдарындагы жумушсуз 20 аялды тигүүчүлүккө үйрөтүү үчүн окуу курсун уюштуруу.
- Кызыл-Токой айылындагы жумушсуз 20 аялды тигүүчүлүккө үйрөтүү үчүн окуу курсун уюштуруу.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|