КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 30-апрелиндеги №5
“Үч эмдин энеси Джээнтаева Назгүл Жуманазаровнаны турак жай менен камсыздоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 21-апрелиндеги №01-19/1579 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну үч эмдин энеси Джээнтаева Назгүл Жуманазаровнаны турак жай менен камсыздоого тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун карап, 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 464 сандуу буйругунун негизинде түзүлгөн АКТны талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын №3 токтому менен Айгыр-Жал айылынын тургуну үч эмдин энеси Джээнтаева Назгүл Жуманазаровнаны турак жай менен камсыздоого 4 000 000 (төрт миллион) сом акча каражаты бөлүнгөндүгү белгиленсин.
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну 2026-жылдын 02-январында туулган үч эм кыздар Рысбекова Алима Сапарбековна, Рысбекова Айша Сапарбековна жана Рысбекова Айжан Сапарбековалардын энеси Джээнтаева Назгүл Жуманазаровнага кыздардын жакшы шартта чоңойусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн Каныш-Кыя айылынын тургуну Шекебаева Айтбүнүн менчигиндеги турак үйүн сатып алып, капиталдык оңдоодон өткөтүүргө 4 000 000 (төрт миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Акча каражатын бөлүп, турак жай менен камсыздоодо мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу айыл өкмөт башчысы Б.Исабековго жана каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |