Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,
айыл чарба жана кайра иштетүү
өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 05/2-17/264 буйругуна)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу ветеринардык контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жактан камсыздоого карата
типтүү талаптар
Ушул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу ветеринардык контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жактан камсыздоого карата типтүү талаптар (мындан ары – Типтүү талаптар) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында (мындан ары – өткөрүү пункттары) жайгашкан чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктарынын (мындан ары – ЧВКП) имараттарын, жайларын жана курулмаларын жабдууга жана техникалык камсыздоого карата бирдиктүү талаптарды белгилейт, ошондой эле уюштуруучулук, эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттардын, жайлардын, курулмалардын жана материалдык-техникалык каражаттардын тизмегин аныктайт.
Көрсөтүлгөн иш-чаралар чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын кирип кетишин жана жайылышын алдын алууга, ошондой эле ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген же ветеринардык-санитардык жактан коркунуч туудурган жаныбарлардан алынган продукциянын жана тоюттардын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинишине жол бербөөгө багытталган.
1 бөлүм. Жалпы жоболор
1. Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарынын (ЧВКП) кызматтык жайларынын саны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү жүк агымдарынын интенсивдүүлүгүнө, мал чарба продукциясынын, тоюттардын (мындан ары – көзөмөлдөгү продукция), жана жаныбарлардын көлөмүнө ошондой эле мамлекеттик ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгынын ЧВКПда иш алып барган түзүмдүк бөлүмүнүн штаттык санына жараша аныкталууга тийиш.
ЧВКПнын кызматтык жайларынын типтүү тизмеси ушул Типтүү талаптардын 1-тиркемесинде келтирилген.
2. Өткөрүү пунктунда уюштуруучулук, эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн төмөнкү курулмалар жана техникалык каражаттар каралууга тийиш:
– ЧВКПнын имараттар комплекси;
– автотранспорт каражаттарынын түбүн, жүрүүчү бөлүгүн жана ветеринардык-санитардык жактан иштетүү үчүн дезинфекциялык-жуугуч блоктору;
– көзөмөлгө алынуучу продукцияны ыкчам түшүрүүнү жана жүктөөнү камсыз кылуучу механизмдер менен жабдылган текшерип кароочу эстакадалары (атайын терминалдар);
– санитардык токтотмо жайы же аянтча.
3. ЧВКПнын аймагындагы имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды жайгаштыруу жаныбарлардын жана көзөмөлгө алынган продукциялардын ташылып келе жаткан жана ташылып чыгып жаткан көзөмөлгө алынган продукциялардын жолдорун кесип өтпөй, эркин жүрүүсүн камсыз кылууга тийиш.
4. ЧВКПнын кирүүчү, унаа жүрүүчү жолдору, жөө адамдар үчүн жолдору, ошондой эле жүктөө-түшүрүү аянтчалары чаң пайда кылбагандай, тегиз, суу өткөрбөгөн, жууп-тазалоого жана дезинфекциялоого ыңгайлуу катуу катмарга ээ болууга, ошондой эле жаан-чачын, кар эриген жана жууп-тазалоодон чыккан сууларын канализацияга агызуучу, таза суу кетирүү тутуму менен камсыз болууга тийиш.
5. ЧВКПлар өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштешин бузбастан, аны мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен комплекстүү түрдө жабдылууга тийиш. Өткөрүү пункттарын куруу (реконструкциялоо) боюнча долбоордук документацияда ветеринардык контролду жүргүзүү үчүн техникалык жактан эң заманбап жана өркүндөтүлгөн жабдууларды колдонуу каралууга тийиш.
6. Транспорт каражаттарына, көзөмөлгө алынуучу продукцияга жана жаныбарларга ветеринардык контролду жүргүзүү үчүн ЧВКПда орнотулуучу технологиялык жабдуулардын саны жана аларды жайгаштыруу орундарын ар бир өткөрүү пунктунун жумушчу долбоорлоо этабында такталат.
2-глава. ЧВКПнын жайлар комплексине карата талаптар
7. ЧВКПнын имараттар комплекси борборлоштурулган суу менен камсыздоо, жылуулук берүү жана канализация системалары, телефондук жана электрондук байланыш, интернет жана видеобайкоо менен камсыз болууга тийиш.
ЧВКПнын имараттары абаны кондициялоо системасы, өрткө каршы сигнализация системасы жана өрт өчүрүү каражаттары, өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда кабарлоо системасы, ошондой эле башка адамдардын кирип кетүүсүнөн коргоону камсыздоочу заманбап коргоо каражаттары менен жабдылууга тийиш.
Имараттардын жарыктандыруусу санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык болушу керек.
ЧВКПнын имараттарына кире бериши ЧВКПнын аталышы, ведомстволук таандыктыгы, иш режими, байланыш телефондору жана ЧВКПнын курамына кирген ветеринария боюнча аймактык башкармалыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык такталар орнотулууга тийиш.
Ошондой эле жайларда төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматтык стенддер жайгаштырылууга тийиш:
– кайрылуучулар өздөрүн кызыктырган маалыматтарды ала турган ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ветеринария боюнча орган) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн телефондору жана интернет-сайттарынын даректери;
– ЧВКПнын кызматкерлеринин ишин жөнгө салуучу ченемдерди камтыган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү (үзүндүлөрү).
8. ЧВКПнын имараттар комплекси төмөнкүлөрдөн турушу керек:
– ыкчам багыттагы жайлар;
– атайын багыттагы жайлар;
– тиричиликтик (чарбалык) багыттагы бѳлмѳлѳр. Көрсөтүлгөн жайлар бирдиктүү блоктун курамында жайгашышы мүмкүн.
9. Ыкчам багыттагы бѳлмѳлѳр ЧВКПнын кызмат адамдарынын ветеринардык коштоочу документтерди тариздөө жана көзөмөлгө алынуучу продукцияны жана транспорт каражаттарын текшерип кароодон өткөрүү боюнча кызматтык милдеттерин түздөн-түз аткаруусун уюштуруу үчүн арналат.
Ыкчам багыттагы жайлар мамлекеттик контролдоо органдарын жайгаштыруу үчүн жалпы имараттардын курамында компакттуу жайгаштырылууга тийиш. Жайлардын жалпы саны жана өлчөмү белгилүү бир ЧВКП үчүн пландалган көзөмөлгө алынуучу продукциянын өткөрүү көлөмүнө жана ЧВКПда иш жүргүзгөн ветеринария боюнча органдын аймактык органынын түзүмдүк бөлүмүнүн штаттык санына жараша аныкталат. Жумуш орундардын саны жайлардын пландаштырылышын эске алуу менен белгиленет (бир жумуш ордуна 9 чарчы метр).
Ыкчам багыттагы жайлар ушул Типтүү талаптардын 2-тиркемесине ылайык ЧВКПны жабдуу мүлкүнүн тизмесине ылайык эмерек менен жабдылууга тийиш, ошондой эле телефондук жана электрондук байланыш, факсимилдик аппарат, кызматтык документтерди, мөөрлөрдү жана штамптарды сактоо үчүн металл шкаф жабдылууга тийиш. Жайлар жылуулук менен камсыздалып, мажбурлап желдетүү системасы же кондициялоо менен жабдылууга тийиш.
10. Атайын жайлар төмөнкүлөр үчүн арналат:
– жаныбарларды жана көзөмөлгө алынуучу продукцияны кароодон өткөрүү үчүн;
– лабораториялык изилдөөлүрдү жана экспресс-анализдерди жүргүзүү үчүн;
– көзөмөлгө алынуучу продукцияны сактоо үчүн;
– конфискаттарды, тамак-аш калдыктарын, майда жаныбарлардын (канаттуулардын) өлүктөрүн, сапатсыз жана ветеринардык-санитардык жактан кооптуу жаныбарлардан алынган продукцияны чогултуу жана жок кылуу үчүн атайын техникалык каражаттарды жана химиялык реагенттерди сактоо үчүн.
Атайын бөлмөлөрдүн курамы түзүлүшү:
– майда үй жаныбарларын жана канаттууларды кароодон өткөрүү үчүн жай;
– көзөмөлгө алынуучу продукциядан сынамык алуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жай;
– текшерип кароо аянтччалары;
– ири жана майда жаныбарларды жана канаттууларды убактылуу кармоо пункту (мындан ары – жаныбарларды убактылуу кармоо пункту), өзүнө бир нече жайды камтыйт;
– кармалган көзөмөлгө алынуучу продукцияны сактоо үчүн жай;
– конфискаттарды, бөлүп-жаруу (сепарация) материалдарды, майда жаныбарлардын өлүктөрүн, жүргүнчүлөр алып өтүүчү же транспорт каражаттарынан табылган тамак-аш жана башка калдыктарды термикалык жол менен жок кылуу үчүн меш менен жабдылган жай.
Текшерип кароо аянтчалары төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
– аянтчанын бети тегиз, чуңкурлары жок болуп, жаан-чачын суулары агып кетиши үчүн зарыл болгон эңкейиштер менен жана катуу катмарга (асфальт, бетон ж.б.) ээ болууга тийиш;
– аянтчанын өлчөмдөрү транспорт каражаттарынын агымдуу кыймылын жана маневр жасабаган чыгышын камсыз кылууга тийиш; – ветеринардык кароодон өткөрүү жана көзөмөлгө алынуучу продукцияны жүктөө-түшүрүү жүргүзүлүүчү жерлерде бастырмалар (навес) орнотулууга тийиш.
Аянтачаларда унаанын кузовунун же темир жол вагонунун полунун деңгээлине ылайыкташтырууну камсыз кылуучу теңдөөчү аянтчалар же түшүү жолдору (сходнялар) жана жүктөө платформалары, эстакадалар жана рампалар орнотулууга тийиш.
Ветеринардык текшерип кароону жүргүзүү үчүн арналган жайлар көзөмөлгө алынуучу продукцияны транспорт каражаттарынан аларды сырткы чөйрөнүн таасирине дуушар кылбастан жана продукциянын керектөө касиеттерин жоготпостон түшүрүп алууга мүмкүнчүлүк берүүгө тйиш.
Көзөмөлгө алынуучу продукция түшүрүлүүчү, кароодон өткөрүлүүчү, изилденүүчү же сакталуучу жайлар, ошондой эле жаныбарларды убактылуу кармоо пунктунда төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
– дубалдары жылмакай, оңой тазаланып жана дезинфекцияланууга ылайыктуу болууга;
– полдору суу өткөрбөгөн, оңой жуулуучу материалдардан жасалып, жакшы суу агызуу системасына ээ болууга;
– шыптары оңой жуулучу жабууга ээ болуга;
– терезелери герметикалык түрдө жабылууга;
– шып жарыктандыруусу кароону жүргүзүү үчүн жетиштүү деңгээлдеги жарыкты камсыз кылууга, ошондой эле түздөн-түз кароо жүргүзүүлүчү аймакта жергиликтүү жана көчмө жарыктандыруу каражаттары менен жабдылууга тийиш;
– бардык жайларга муздак жана ысык суу берилиши.
Агынды суулар жалпы канализацияга түшкөнгө чейин дезинфекциядан өткөрүлүүгө тийиш. Жаныбарларды убактылуу кармоо пункту абанын автономдуу желдетүү системасы менен камсыз болууга тийиш.
Жаныбарларды убактылуу кармоо пункту жана конфискаттарды, бөлүү (сепарация) материалдарын, майда жаныбарлардын өлүктөрүн, жүргүнчүлөр алып өтүүчү же транспорт каражаттарынан табылган тамак-аш жана башка калдыктарды термикалык жол менен жок кылуу үчүн меш менен жабдылган жай өзүнчө турган имаратта жайгашууга же өзүнчө турган имаратка жайгашууга же өзүнчө кирүү жана чыгуу эшиктерине ээ болгон өткөрүү пунктунун имараттарынын башка жайларынан обочо турушу керек.
Жаныбарларды убактылуу кармоо пункту, төмөнкү өндүрүштүк жайларга жайларга ээ болууга тийиш:
– жаныбарлардын түрлөрүнө жараша өзүнчө вольерлери бар секцияларга бөлүнгөн дени сак жаныбарларды кармоо үчүн жай;
– жугуштуу ооруларга шектелген же оорулу жаныбарларды кармоо үчүн изолятор;
– тоют даярдоо үчүн жайлар;
– жаныбарларды убактылуу багуу үчүн тоюттар;
– тейлөөчү персонал үчүн бөлмө.
11. ЧВКПнын тиричиликтик (чарбалык) жайлары төмөнкүлөрдү камтыйт: сырткы, жумушчу жана санитардык кийимдер үчүн кийим алмаштыруучу жайлар (гардероб), душ кабиналары; ажатканалар; кампалар; эс алуу бөлмөсү (ашкана).
Жумушчу жана санитардык кийимдер үчүн гардеробдор сырткы кийимдер үчүн гардеробдордон обочо жайларда жайгаштырылууга тийиш.
Ажатканалардын алдындагы шлюздар санитардык кийим үчүн илгичтер менен, колду жуу, дезинфекциялоо жана кургатуу үчүн орнотмолор менен жабдылып, гигиеналык каражаттар менен камсыз болууга тийиш.
Санитардык кийимдер үчүн гардеробдордун, санитардык түйүндөрдүн жана гигиена бөлмөсүнүн дубалдары оңой жуулуучу жана дезинфекциялануучу материалдар менен капталууга тийиш.
12. ЧВКПнын кызматтык жана атайын транспорт каражаттары үчүн өткөрүү пунктунда төмөнкүлөр жабдылууга тийиш:
– транспорт каражаттарынын токтотмо аянтчасы;
– 1-2 унаа ордуна эсептелген жылуулук менен камсыздалган бокс.
2-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы
ЧВКПнын технологиялык жабдууларына
карата талаптар
13. ЧВКП төмөнкү технологиялык жабдууларга ээ болууга тийиш:
– көзөмөлгө алынуучу продукцияны ташууда колдонулуучу палеттерде, поддондордо жана башка каражаттарда жүктөлгөн товарларды таразага тартууну камсыз кылуучу таразалочуу жабдуу;
– көзөмөлгө алынуучу продукцияны кароодон өткөрүү жана үлгү алууга зарыл жабдуулар;
– лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жабдуулар;
– кармалган көзөмөлгө алынуучу продукцияны сактоо үчүн жабдуулар;
– майда жаныбарларды жана канаттууларды убактылуу кармоо үчүн жабдуулар;
– тазалоо жана дезинфекциалоо үчүн жабдуулар. Мындай жабдуулар өткөрүү пунктунун өзүндө жок болон учурда, тазалоо жана дезинфекциалоо иштерин жүргүзүүгө укугу бар уюм менен келишим түзүлүүгө тийиш.
– ветеринардык контролдун стационардык автоматташтырылган техникалык каражаттар комплекси, ал локалдык эсептөө тармагы (мындан ары – ЛЭТ) аркылуу бириктирилген автоматташтырылган жумушчу орундардан туруш керек.
14. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү автоунаа өткөрүү пункттарынын аймагына кире бериште дезинфекциялык-жуугуч блок (мындан ары – дезбарьер) уюштурулууга тийиш. Дезбарьер дезинфекциялык эритмени жылытуу үчүн атайын түзүлүшү бар өзүнчө жайда жабдылып, климаттык шарттарга карабастан жыл бою пайдаланууну камсыз кылууга тийиш. Дезбарьер дезинфекциялык эритме менен толтурулган бетон ванна түрүндө болуп, төмөнкү өлчөмдөргө ээ болууга тийиш: дезинфекциялык эритменин күзгүсү боюнча узундугу – 11–12 метр, түбү боюнча туурасы – 6 метр, тереңдиги – кеминде 0,2 метр, ал эми эңкейиш бурчу 25 градустан ашпаган пандустар менен жабдылууга тийиш.
Өткөрүү пункттарындагы кармалган көзөмөлгө алынуучу продукцияны сактоо жайларына, жаныбарларды убактылуу кармоо пункттарына, ошондой эле көзөмөлгө алынуучу продукцияны үлгү алуу жана изилдөө жүргүзүү жайларына кире беришинин туурасына ылайык, узундугу 100 см, тереңдиги 10 см болгон дезинфекциялык тосмолор же бут кийимди дезинфекциялоо үчүн кире бериштин туурасына ылайык дезинфекциялык килемчелер орнотулууга тийиш.
Кармалган көзөмөлгө алынуучу продукцияны сактоо жайларын жана жабдууларды дезинфекциялоо продукция чыгарылып бүткөндөн кийин жүргүзүлөт. Жаныбарларды убактылуу кармоо пункттарындагы жайларды, бокстарды, стеллаждарды жана инвентарды дезинфекциялоо ар бир жаныбар убактылуу кармалган учурдан кийин жүргүзүлөт. Продукцияны кароодон (текшерүүдөн) өткөрүү жайларындагы технологиялык инвентарь иш бүткөндөн кийин жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш.
15. Продукцияны кароодон (текшерүүдөн) өткөрүү жайларында төмөнкүлөр болушу керек:
– беттери оңой тазаланып жана дезинфекциялануучу жумушчу столдор;
– үлгү алуу үчүн жабдуулар: кесүүчү аспап, бычак, консерва ачкыч жана үлгүлөрдү сактоо контейнерлери;
– жабдууларды жана көмөкчү инвентарды сактоо үчүн стелаж;
– продукциянын сырткы жана ички катмарындагы температурасын өлчөөчү термометр;
– эритүүчү же микротолкундуу меш жабдуусу;
– алынган үлгүлөрдү ташуу үчүн контейнерлер;
– байкоо алууну камсыз кылуу үчүн пломбалоочу лента жана номерленген капкактар же этикеткалар;
– жаныбарлардын кыгын убактылуу сактоо үчүн герметикалык контецнер.
Мындан тышкары, лабораторияга жөнөтүлгөнгө чейин көзөмөлдөнгөн температура шартында үлгүлөрдү убактылуу сактоо үчүн өзүнчө жай каралууга тийиш.
16. Жаныбарларды убактылуу кармоо пункттары клеткалар же бокстар менен жабдылат. Клеткалар дубалдардан 30–50 см аралыкта стеллаждарга орнотулат. Стеллаждардын ортосунда туурасы кеминде 1 метр болгон өтмөк калтырылат.
17. Кармалган көзөмөлгө алынуучу продукцияны сактоо жайы температуралык режимди жана абанын нымдуулугун жөнгө салуучу жабдуулар менен жабдылган муздаткыч орнотмолор менен камсыз болууга тийиш. Бул орнотмолор көзөмөлгө алынуучу продукциянын ар кандай түрлөрүн өзүнчө сактоого мүмкүндүк берүүчү бир нече камерага ээ болууга тийиш.
18. Жабдуулар жана инвентарлар ишке жарактуу жана тийиштүү санитардык абалда болууга тийиш.
19. ЛЭТ эсептөө техникасынын каражаттарынан (сервер, жумушчу станция), активдүү тармактык жабдуулардан, активдүү тармактык жабдууларды башкаруу каражаттарынан жана маалымат берүү үчүн кабелдик тармактан турат, ал интеграцияланган структуралаштырылган кабелдик системанын курамына кирет.
ЛЭТтин техникалык чечими төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: – системанын жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүгүн;
– комплексти ийкемдүү кеңейтүү жана реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн;
– тармакты же анын айрым сегменттерин кыйла өндүрүмдүү технологияларга өткөрүүдө чыгымдарды минималдаштырууну;
– системанын өткөрүү жөмдөмдүүлүгүн масштабдоону;
– эң жогорку жүк түшкөн участоктордо өткөрүү жөмдөмдүүлүгүн жогорүлатууну;
– системанын айрым элементтери бузулган учурда милдетүү резервдөө схемасын;
– телекоммуникация системасы аркылуу интернет-протокол (IP) негизинде башка мамлекеттик контролдоочу органдар жана үчүнчү уюмдар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү;
– маалыматтарды архивдөө системасын;
– объектте бар серверлерди жана жумушчу станцияларды ЛЭТке туташтырууну;
– тармактын бардык элементтеринин жана программалык камсыздоосунун толук шайкештигин;
– серверлердин функцияларын техникалык мүнөздөмөлөрүнө, функцияларына жана милдеттерине жараша бөлүштүрүүнү;
– тармак администратору үчүн ЛЭТти диагностикалоо, мониторинг жүргүзүү жана башкаруу каражаттарын.
20. ЧВКПнын бардык жайларына алардын багытына ылайык маалыматтык такталар орнотулат.
21. ЧВКПда технологиялык жабдуулардын саны жана орнотулган жерлери ар бир өткөрүү пунктунун жумушчу долбоорлоо этабында такталат.
Ветеринардык контролду жүргүзүү үчүн зарыл болгон жубдуулардын жана техникалык каражаттардын саны төмөнкү баштапкы маалыматтардын негизинде аныкталат.
– пландалган жүк кгымы;
– пландалган жүргүнчү агымы;
– көзөмөлгө алынуучу продукциянын түрү жана мүнөзү;
– иш режими (смендүүлүгү).
4-глава. Санитардык токтотмо жайы, аянтча
22. Санитардык аянтча жугуштуу оорулар менен ооруган жаныбарлар же ветеринардык-санитардык жактан кооптуу продукция аныкталган транспорт каражатын бөлүп коюу жана жайгаштыруу үчүн арналат.
Аянтча өткөрүү пунктунун кире беришинде жайгашып, тосмо менен курчалууга, эскертүү жазуулары менен белгиленүүгө, катуу жабууга ээ болууга жана транспорт каражаттарын штетүүдө колдонулуучу атайын эритмелердин агын сууларын чогултуу жан кийин нейтралдаштыруу үчүн түзүлүш менен жабдулууга тийиш.
23. Санитардык токтотмодо, аянтчада эпизоотияга каршы иш-чараларды натыйжалуу жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр каралууга тийиш;
– ичүүчү суу менен борборлоштурулган суу менен камсыздоо системасы;
– Таштандыларды чогултуу жана утилдештирүү системасы (капкагы бар контейнерлер);
– Эскертүү жазуулары бар тосмолор.
Типтүү талаптарга
1-тиркеме
Чек ара ветеринардык контролдоо пунктунун кызматтык жайларынын типтүү тизмеси
Жайлар | Айанты | Эмеректер | Жабдуулар | байланыш |
Ыкчам багыттагы жайлар | ||||
Ветеринардык инспекторлордун жумушчу кабинети | 1 штаттык адиске кеминде 9 м² | жумушчу стол, отургучтар, документтерди сактоо үчүн шкаф, металл сейф | жалпы кондиционерлөө системасы, ар бир штаттык адис үчүн интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар компьютер, ксерокс, факс, сканер, принтер, телефондор | телефондук, факсимилдик, мобилдик байланыш, электрондук почта, радиостанция (стационардык жана көчмө), ички телефондук байланыш |
Архивди жана көмөкчү жабдууларды сактоо бөлмөсү | Аянты: 15–20 м² | Эмерек: стол, отургуч, архив үчүн стеллаждар, көмөкчү жабдуулар үчүн шкаф | Жабдуулар: жалпы кондиционерлөө системасы | Ички телефондук байланыш |
Атайын багыттагы жайлар | ||||
Майда үй жаныбарларын жана канаттууларды кароодон өткөрүү жайы | 10 м2 | Эмерек: майда жаныбарларды кароо үчүн стол, жумушчу стол, отургуч, медициналык металл шкаф, клеткалар жана стеллаждар | Жабдуулар: жалпы кондиционерлөө системасы, жабдуулар жана муздаткыч, оорулуу жаныбарларга биринчи ветеринардык жардам көрсөтүү үчүн шаймандар | ички телефондук байланыш |
Көзөмөлгө алынуучу продукциядан үлгү алуу жайы | 10 м2 | столдор, отургуч, медициналык металл шкафы | Жабдуулар: жалпы кондиционерлөө системасы, муздаткыч, үлгү алуу жабдуулары, продукцияны эритүү үчүн стеллаждар топтому | ички телефондук байланыш |
Көзөмөлгө алынуучу продукцияны изилдөө жайы | 10 м2 | столдор, отургуч, медициналык металл шкафы | Жалпы кондиционерлөө системасы, изилдөө жүргүзүүчү жабдуулар, эритүү үчүн стеллаждар, микротолкундуу меш, үлгүлөрдү сактоочу муздаткыч, стол лампасы | Ички телефондук байланыш |
Майда жаныбарлар жана канаттууларды убактылуу кармоо пункту | 20 м2 | Стол, отургуч, транспорттук клеткалар үчүн стеллаждар | Көз карандысыз кондиционерлөө (желдетүү) системасы, майда жаныбарлардын өлүктөрү үчүн муздаткыч камера | Ички телефондук байланыш |
Текшерүү аянтчасы | 88,6 м2 |
| гидравликалык теңдөөчү платформа, авто- же электр жүктөгүч, электрокар | Ички телефондук байланыш |
Кармалган мал чарба продукциясын сактоо жайы | 260 м3 | Стол, стул | Жалпы кондиционерлөө системасы, 35–40 тонна сыйымдуулуктагы 3 муздаткыч камера (1 камера муздатылган чийки зат үчүн, 2 камера тоңдурулган чийки зат үчүн ар кандай температуралык режимдер менен) | Ички телефондук байланыш |
Конфискаттарды, бөлүү материалдарын, майда жаныбарлардын өлүктөрүн, тамак-аш жана башка калдыктарды термикалык жок кылуу үчүн меш менен жабдылган жай | 10-15 м2 | меш, стол, жабдууларды сактоо үчүн шкаф | Жабдуулар: көз карандысыз кондиционерлөө (желдетүү) системасы, меш | Ички телефондук байланыш |
Автоунаалардын түбүн жана жүрүүчү бөлүгүн Ветеринардык-санитардык тазалоо үчүн дезбарьер | Айанты 60 - 80 м2 | - | - | - |
Тиричилик үчүн (чарбачылык) жайлар | ||||
Гардероб | 10 м2 | Сырткы жана жумушчу кийимдер үчүн шкафтар, диван, стол, отургучтар, кийим жана бут кийим кургаткыч | -
| - |
Кампа | 6 м2 | дезинфекциялоочу каражаттарды жана чарбалык инвентарды сактоо үчүн стеллаждар | Жалпы кондиционерлөө системасы, «Керхер» тибиндеги жогорку басымдагы дезинфекциялоочу аппарат | Ички телефондук байланыш |
Санитардык блок (ажаткана, душ) | 6м2 | Ысык жана муздак суу менен кол жуу раковинасы бар душ кабинасы, унитаз | Общая система кондиционирования воздуха |
|
Эс алуу бөлмөсү, ашкана | адистердин санына жараша (кеминде 20 м²) | Столдор, отургучтар, диван, раковина (жуучу жай) | Жалпы кондиционерлөө системасы, телевизор, муздаткыч, микротолкундуу меш, электр чайнек | Ички телефондук байланыш |
Типтүү талаптарга
2-тиркеме
Чек ара ветеринардык контролдоо пункттарын (ЧВКП)
мүлк менен жабдуу тизмеси
№ | Аталышы | Өлчөм бирдиги | Авиа ЧВКП | Авто ЧВКП | Темир жол ЧВКП |
Атайын жабдуулар, аспаптар жана материалдар | |||||
1. | Техникалык таразалар (10–15 кг чейин) | Даана | 1 | 1 | 1 |
2. | Кең диапазондуу дозиметр | Даана | 1 | 1 | 1 |
3. | Ларингоскоп* | Даана | 1 | 1 | 1 |
4. | Жаныбарларды чакалай оорусуна (стригущий лишай) текшерүү лампасы | Даана | 1 | 1 | 1 |
5. | Үлгү алуу үчүн пакет-сейф | Даана | 300 | 500 | 500 |
6. | Патматериал үчүн банкалар | Даана | 5 | 5 | 5 |
7. | Ветеринардык анатомиялык топтом | Компл. | 1 | 1 | 1 |
8. | Тоңдурулган продукциядан үлгү алуу үчүн кесүү шаймандары | Компл. | 1 | 1 | 1 |
9. | Чоң хирургиялык топтом | Компл. | 1 | 1 | 1 |
10. | Радиотелефон (мобилдик телефон, планшет) | Даана | 4 | 4 | 4 |
11. | Люминесценттик лампа | Даана | 1 | 1 | 1 |
12. | Жаныбарларга шашылыш ветеринардык жардам топтому | Компл. | 1 | 1 | 1 |
13. | Көрсөтмө материалдар жана плакаттар топтому | Компл. | 1 | 1 | 1 |
14. | Атайын адабияттар топтому | Компл. | 1 | 1 | 1 |
15. | Ар түрдүү жаныбарларды кармоо жана кароо үчүн жабдуулар | Компл. | 1 | 1 | 1 |
16. | Пломбалоочу штамп (гравюралуу таякча түрүндө) жана башка пломбалар топтому менен бирге. | Даана | 1 | 1 | 1 |
17. | Ветеринардык инспекторлор үчүн жеке штамптар | Даана | 1 | 1 | 1 |
18. | Ветеринардык дарыгер үчүн сумка-топтом | Даана | 1 | 1 | 1 |
19. | Эт үчүн металл зонд | Даана | 1 | 1 | 1 |
20. | «Регула 4004-М» прибору | Даана | 1 | 1 | 1 |
21. | РH-метр | Даана | 1 | 1 | 1 |
22. | Риноскоп | Даана | 1 | 1 | 1 |
23. | Чиптерди сканерлөөчү түзүлүш | Даана | 1 | 1 | 1 |
24. | Инфракызыл термометр | Даана | 1 | 1 | 1 |
25. | Инструменттерди стерилизациялоочу жабдуу | Компл | 1 | 1 | 1 |
26. | Стетофонендоскоп | Даана | 1 | 1 | 1 |
27. | Колду дезинфекциялоочу гидропульт | Даана | 1 | 1 | 1 |
28. | Кан жана биоматериал үчүн термокейс | Даана | 1 | 1 | 1 |
29. | Ветеринардык термометр (дене температурасы үчүн) | Даана | 5 | 5 | 5 |
30. | Тоңдурулган продукцияны кесүүчү шайман | Даана | 1 | 1 | 1 |
31. | Электр фонарлары | Даана | 5 | 5 | 5 |
32. | Үлгү алуу зонддору | Даана | 1 | 1 | 1 |
33. | Универсал электротермометр | Даана | 1 | 1 | 1 |
34. | Изотермиялык контейнер | Даана | 1 | 1 | 1 |
35. | Үлгү үчүн сейф-пакеттер | Даана | 300 | 300 | 300 |
36. | Медициналык аптечка | Даана | 1 | 1 | 1 |
37. | Ак халат | Даана | 10 | 10 | 10 |
38. | Кара халат | Даана | 5 | 5 | 5 |
39. | Л-1 коргоочу костюм | Компл | 1 | 1 | 1 |
40. | Ветеринардык комбинезон | Компл | 2 | 2 | 2 |
41. | Резина фартук | Даана | 2 | 2 | 2 |
42. | Хирургиялык кол каптар | Даана | 5 | 5 | 5 |
43. | Анатомиялык кол каптар | Даана | 1 | 1 | 1 |
Эмерек, тиричилик үчүн оргтехникалар (Эмерек ЧВКПнын штаттык санына жана жайлардын жеткиликтүүлүгүнө жараша зарылчылыкка ылайык сатып алынат) | |||||
44. | Жазуу стол | Даана | 1 | 1 | 1 |
45. | Компьютердик стол | Даана | 1 | 1 | 1 |
46. | Офистик отургуч | Даана | 1 | 1 | 1 |
47. | Металл сейф (бланктар үчүн) | | Даана | 1 | 1 | 1 |
48. | Үзгүлтүксүз электр булагы | Даана | 1 | 1 | 1 |
49. | Ксерокс аппараты | Даана | 1 | 1 | 1 |
50. | Жеке компьютер (Ноутбук) | Даана | 3 | 3 | 3 |
51. | Жумуш креслосу | Даана | 1 | 1 | 1 |
52. | Стол лампасы | Даана | 1 | 1 | 1 |
53. | Микрокалькулятор | Даана | 1 | 1 | 1 |
54. | Чаң соргуч (пылесос) | Даана | 1 | 1 | 1 |
55. | Радиоприемник | Даана | 1 | 1 | 1 |
56. | Май менен жылытуучу меш (обогреватель) | Даана | 1 | 1 | 1 |
57. | Интернет туташуу жабдык | Компл | 1 | 1 | 1 |
58. | Кагаз басып чыга турган шайман (принтер)
| Даана | 1 | 1 | 1 |
58. | Муздаткыч камерасы (холодильная камера)
| Даана | 2 | 2 | 2 |
59. | Муздаткыч (холодильник) | Даана | 1 | 1 | 1 |
60. | Электр плитка же микротолкундуу меш | | Даана | 1 | 1 | 1 |
61. | Электрочайник | Даана | 1 | 1 | 1 |
62. | Атайын жабдыктарды, материалдарды сактоочу шкаф | Даана | 1 | 1 | 1 |
63. | Медикаменттерди сактоочу шкаф | Даана | 1 | 1 | 1 |
64. | Атайын кийиүүчү кийимдерди илүүчү шкаф | Даана | 1 | 1 | 1 |
65. | Сырткы кийим үчүн шкаф | Даана | 1 | 1 | 1 |
66. | Документтерди сактоочу шкаф | Даана | 1 | 1 | 1 |
Транспорт | |||||
67. | Автоунаа | Даана | 1 | 1 | 1 |
68. | Мобилдик ПЦР лабораториясы (ГАЗ-2705 базасында автоунаа) | Компл. | зарылчылыкка жараша | зарылчылыкка жараша | зарылчылыкка жараша | зарылчылыкка жараша | зарылчылыкка жараша | зарылчылыкка жараша | зарылчылыкка жараша | зарылчылыкка жараша | зарылчылыкка жараша |
Эскертүү:
1. Көрсөтүлгөн нормалар минималдуу болуп саналат, алар ЧВКПнын штаттык санына жана ветеринардык көзөмөлгө алынуучу жүктөрдүн ташуу интенсивдүүлүгүнө жараша көбөйтүлүшү мүмкүн.
2. Бир номенклатуралык бирдиктин ордуна анын багыты жана колдонулушу боюнча окшош башка бир түрүн колдонууга жол берилет.
3. Дезинфекциялоочу каражаттар дезинфекциялык-жуугуч блоктун (дезинфекциялык килемчелердин) функцияларын аткарууну камсыз кылуучу зарылчылыкка жараша сатып алынат.
4. Чарбалык инвентарь өткөрүү пунктунун баланс кармоочусу тарабынан ЧВКПнын иштешин камсыз кылуучу зарылчылыкка жараша сатылып алынат.