Редакцияот 30.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2026-жылдын 30-апрелиндеги №6

 

“Кайың-Суу орто мектебине Султан Ибраимов атын ыйгаруу жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылынын тургундарынын 2026-жылдын 27-мартындагы айылдык чогулуштун протоколунун негизинде Кайың-Суу жалпы орто билим берүү мектебине алгачкы агартуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымын ыйгарууга уруксат берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Султан Ибраимов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүгө, элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана мамлекеттик кызматта үлгүлүү эмгек жасаган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Кайың-Суу айылындагы Кайың-Суу орто мектебине “Султан Ибраимов атындагы Кайың-Суу” жалпы орто билим берүү мектеби деген ат ыйгарылсын.

 

  1. Мектептин баардык расмий документтеринде жаңы ысым “Султан Ибраимов атындагы Кайың-Суу” жалпы орто билим берүү мектеби эске алынсын.

 

 

  1. Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесине ылайык айыл өкмөт башчысына жана мектеп директоруна Султан Ибраимовго арналган бурч жана эстелик орнотуу, окуучуларга жана мугалимдер арасында тарбиялык иш чараларды уюштуруу тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.М.Козубаев