Редакцияот 30.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2026-жылдын 30-апрелиндеги №7

 

“Кайың-Суу айылында жайгашкан Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинин эски имратын бузууга уруксат берүү жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2026-жылдын 24-апрелиндеги №01-19/1639 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Кайың-Суу айылындагы Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектибинин эски имратын бузууга уруксат берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун 2017-жылы жараксыз деп табылган техникалык корутундусун эске алып Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектибинин эски имратын бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун 2017-жылы жараксыз деп табылган техникалык корутундусу эске алынсын.

 

  1. Кайың-Суу айылындагы Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектибинин эски имратын бузууга уруксат берилсин.

 

  1. Мыйзамдуулугуна жараша тиешелүү компетенттүү органдар менен иш алып баруу айыл өкмөт башчысына жана мектеп директоруна тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.М.Козубаев