Редакцияот 22.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 22-декабры № 41

Республикалык бюджеттен түшкөн  максаттуу трансфертти бөлүштүрүү

 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55- беренесине ылайык   Орто – Кайыңды айыл аймагынын  жергиликтүү  бюджетине түшкөн  3580,8 миң сом  максаттуу трансфертти бөлүштүрүү боюнча  айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Э.М.Машланованын  сунушун угуп, талкуулап чыгып  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:

 1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине түшкөн  3580,8 м.с. ( үч миллион беш жүз сексен миң сегиз жүз  ) сом  акча каражаты тиркемеге ылайык  бөлүштүрүлсүн .

2.Ушул токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн  СЭӨБнүн  башчысы  Э.М. Машлановага   тапшырылсын .

3.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик-укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын  юстиция Министирлигине   жөнөтүлсүн. 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы  Ж.Э. Баязовага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев