Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябрындагы №2
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен төрага М.Козубаевдин сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы М.Козубаевдин сунушу эске алынсын.
2. Кутбидин уулу Бектемир Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | М.Козубаев |