Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №44
Кызыл-Токой айылындагы айылдык китепкананын жана айыл башчынын кабинетинин курулушун баштоо үчүн каражат карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы айылдык китепкананын жана айыл башчынын кабинетинин курулушун баштоого акча каражат карап берүү жөнүндөгү каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы айылдык китепкананын жана айыл башчынын кабинетинин курулушун баштоого 8 000,0 мин (сегиз миллион) сом каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|