Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябрындагы №3
“Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгына ылыйык, Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планынын негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинде элдик курултайга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгына ылыйык, Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруужана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планыны аткарууга алынсын.
2. Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруужана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жааматтарынан Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы, элдик жыйындарды өткөрүү графиги квотасы жана өткөрүлүүчү жери, жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын курамы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | М.Козубаев |