КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №1
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/330 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Регламентин бекитүү боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/330 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Регламентин бекитилсин.
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары, туруктуу комиссиялары, депутаттары жана жооптуу катчысы бекитилген Регламенттин негизинде иш алып барсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам, бекитилген Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жана жооптуу катчы Н.Таласбаевага милдеттендирилсин.